Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

KG номерлери жоюлат


Кыргызстанда автоунаа номерлеринин жаңы үлгүсү иштелип чыгат. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге артыкчылык бере турган KG номерлери жоюлат.

Буга байланыштуу чечим 3-декабрдагы өкмөттүн жумушчу жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди. Маалыматка караганда, мындан кийин машинанын жеке айдоочулар, мамлекеттик унаалар, мотоцикл, арабалар жана аттары жазылган деп беш түрлүү номер болот. Жеке айдоочулар менен мамлекеттик машиналардын номерлери өтө айырмаланбайт. Мындай чечим жолдо жүрүүчүлөрдүн бардыгынын укугун теңөө максатында кабыл алынган.

Мурда бул номерлерди “Анкер” жеке ишканасы даярдап келсе, эми муну Мамлекеттик каттоо кызматы колго алат. Эски номерлер машинасы сатылганга чейин жарактуу деп эсептелинет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG