Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

Саакашвили грузин жарандыгынан айрылды


Михаил Саакашвили Одессада. 28-октябрь, 2015-жыл.

Михаил Саакашвили Одессада. 28-октябрь, 2015-жыл.

Мурдагы президент Михаил Саакашвилини грузин жарандыгынан ажыраткан чечимди азыркы президент Георги Маргвелашвили чыгарды.

Мунун алдына Саакашвилинин жарандыктан ажыратуу сунушу менен мамлекет башчыга юстиция министри Тиа Цулукани кайрылып, экс- президент украин жарандыгын алганын жүйө келтирген.

Саакашвили быйыл май айынан бери Украинада Одесса облусунун губернатору болуп иштейт. Ал Грузиядан 2013-жылы ноябрда экинчи президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин кеткен.

2012-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин бийликке келген өкмөт мурдагы президентти көз боёмочулукка барганы, кол салуу уюштурганы, кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн айыптаган. Саакашвили бул айыптарды саясий куугунтук катары баалоо менен четке кагып келет.

Анын Бириккен улуттук кыймыл партиясы бийлик жарандыктан ажыратууга Саакашвилини келерки жылдагы парламенттик шайлоого катыштырбоо максатында барганын айтып чыкты. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG