Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Республика Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев АКШда жашап жатканын "Азаттыкка" интернет аркылуу тастыктады.

- Ооба, мен азыр Америкадамын. Тил үйрөнүп, булардан көп жакшы нерселерди билсең болот окшойт. Азырынча Кыргызстанга керегим жок болсо, башка жумуш менен алек болоюн деп чечтим.

Ташиев АКШда азырынча жалгыз жашап жатат жана үй-бүлөсү качан келери белгисиз.

"Республика Ата-Журт" партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев 28-сентябрда Боршайкомдун чечими менен шайлоого катышуу укугунан ажыраган. Буга 26-сентябрда "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын Сузактагы штабында талапкер Абдыманап Абдыбахапов сабалганы себеп болгон. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG