Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

Түрк тилдүү өлкө депутаттары 2016-жылы Кыргызстанда чогулат


Казакстандын баш калаасы Астана шаарында 4-декабрь күнү түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) VI пленардык отуруму жыйынтыкталды. Кыргыз тараптан ага Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган делегация катышты.

Жыйында айлана-чөйрө, табигый ресурстар, социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер, экономикалык кызматташуу, укук жана эл аралык байланыштар талкууланды. Аталган багыттар боюнча мурда түзүлгөн төрт комиссия баяндама жасады. Андан сырткары, Кыргызстанда, Азербайжанда, Казакстанда өткөн шайлоолор талкууга коюлду.

Парламенттен кабарлашкандай, ТүркПАнын эмки жыйыны 2016-жылдын экинчи жарымында Кыргызстанда өтмөй болду.

ТүркПА Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен 2009-жылы түзүлгөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG