Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

6-декабрда Кыргызстандын көп аймактарында жаан жаап, карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу жолдордо кар күрткү болуп, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...5,

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5,

Баткен облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 3...8,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз -1...+4,

Нарында түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,

Бийик тоолуу райондордо -18...-23, күндүз -8...-13 болот.

Бишкек шаарында жаан карга айланат.Түнкүсүн 0…2, күндүз 3…5° болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG