Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

FBI Сан-Бернардино чабуулун теракт деп атады


Сан-Бернардинодо мерт кеткендерди эскерүү

Сан-Бернардинодо мерт кеткендерди эскерүү

АКШ Федералдык тергөө бюросу Калифорниянын Сан-Бернардино шаарында 2-декабрь күнү болгон окуяны теракт деп атады. Иликтөө учурунда кол салгандардын бири “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун колдогон чакырык таштаганы аныкталганы айтылууда.

Сан-Бернардинодо жубайлар ишке ашырган чабуулда 14 адам набыт болуп, 21 киши жараат алган. 27 жаштагы Ташфин Малик атуу аял менен анын 28 жаштагы жолдошу Саид Ризван Фарук полиция менен атышууда мерт кеткен.

Алардын үйү текшерилген учурда курал-жарак сакталган кампа, жардыргыч зат жасоочу жабдыктар табылган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG