Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 20:09

Өкмөт башчы Темир Сариев Чүйдүн Ысык-Ата районунун акимине ЗИЛ эс алуу борборундагы жарыкты өчүрүү окуясын териштирүүнү тапшырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, аз күн мурда жергиликтүү жашоочулар ЗИЛ кышкы эс алуу жайына кеткен электр линиясын өчүрүп койгон. Мындай абал туризмдин өнүгүшүнө кедергисин тийгизерин белгилеген Сариев, үч күн аралыгында абалды иликтеп, өзүмбилемдик кылгандарга карата тийиштүү чара көрүү зарылдыгын айтты.

ЗИЛ – Чүйдөгү ири кышкы эс алуучу жайлардын бири болуп эсептелет. Ага Кыргызстандан сырткары, чет өлкөлүк туристтер да келишет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG