Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Ирак түрк аскерлеринин Мосул шаарына жайгаштырылганына каршылыгын билдирди


Буга байланыштуу Түркиянын Багдаддагы элчиси Ирактын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Түрк аскерлеринин бөлүгү Ирактын түндүгүндөгү экинчи ири шаар - Мосулга жакын жерге жайгаштырылган. Ал күрттөрдүн шаары катары саналат. Си-эн-эндин маалыматында 130 түрк аскер кызматкери аймакка эки жылдан бери уланып келе жаткан Пешмерга күрт аскерлерин окутуу боюнча программанын алкагында жайгаштырылган.

Бир нече ай мурда Иракта “Ислам мамлекети” уюмунун жоочулары өлкөнүн түндүк аймактарын, анын ичинде Мосул шаарын басып алышкан эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG