Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

Америкалык зонд-автомат New Horizons Плутонго өтө жакын баргандагы сүрөттөрдү Жерге жөнөттү. Бул тууралуу NASAнын расмий сайтында айтылат.

Беш ай мурда адамзат алгачкы ирет Плутондогу муз баскан тоолорду көрүп, аны АКШдагы бийик аскалуу тоолорго салыштырган.

Өзгөчө окумуштуулар үчүн бул планетада кратерлердин жоктугу кызыгууну жараткан. Плутон планетасы геологиялык жактан активдүү экени жана сырткы күчтөрдүн таасиринде эмес, жылуулук бөлүп чыгарган ички геологиялык активдүүлүгүнүн негизинде түзүлгөндүгү окумуштуулар үчүн күтүүсүз ачылыш болгон. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG