Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Арменияда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жатат


Армения президенти Серж Саргсян добуш берүүдө.
Армения президенти Серж Саргсян добуш берүүдө.

Арменияда парламенттик формадагы башкарууга өтүүгө багытталган конституциялык реформа боюнча референдум өтүп жатат. “Наследие” оппозициялык партиясынын төрагасы Раффи Ованнисян бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы добуш бергенин, добуш берүү маалында көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди. Ал өз тарапкерлерин добуш берүүдөн кийин Еревандын борбордук бөлүгүндөгү Эркиндик аянтына чогулууга чакырды. 1-декабрдан тарта референдумга каршы чыккан оппозиционерлер Армениянын борборунда күнү-түнү митинг өткөрүп жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматында добуш берүү процесси мыйзам алкагында жүрүүдө. Бүгүн, 6-декабрда өлкөнүн алты облусунда жергиликтүү бийлик органдарына шайлоо да өтүп жатат.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө үч миңден ашуун жергиликтүү жана 116 эл аралык байкоочу көз салууда. Добуш берүү укугуна өлкөнүн эки жарым миллиондон ашык жараны ээ. (AzK)

XS
SM
MD
LG