Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:30

Армениядагы референдумга шайлоочулардын теңинен көбү катышты


Армения -- Еревандагы добушканалардын биринде, 6-декабрь, 2015.

Армения -- Еревандагы добушканалардын биринде, 6-декабрь, 2015.

Арменияда кечээ Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өттү. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорунда өлкөнү жарым президенттиктен толук парламенттик башкарууга өткөрүү каралган.

Кечээ жергиликтүү убакыт боюнча кечки сегизде добушканалардын баары жабылган соң Борбордук шайлоо комиссиясы ага катышкандардын акыркы санын жарыялады. БШК төрагасы Тигран Мукучяндын айтымында, алдын-ала маалымат боюнча референдумда 1 миллион 296 368 жаран добуш берип, катышуу 50,51 процентти түздү. Өлкөдө жалпысынан 2 566 730 шайлоочу бар. Армения Баш мыйзамына ылайык, референдумга чыгарылган долбоорду ага добуш бергендердин жарымынан көбү колдосо ал кабыл алынды деп эсептелинет.

Армян оппозициясы бул конституциялык реформага башынан эле каршылык билдирип, аны президент Саргсяндын бийлигин узартуу амалы катары баалап жатышат. Бийлик болсо аны четке кагууда.

Азыр добуштарды саноо уланууда, анын жыйынтыгы жакын арада белгилүү болмокчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG