Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Азербайжандагы ири банктын мурдагы башчысы камалды


Жахангир Хажиев
Жахангир Хажиев

Азербайжан эл аралык банкынын мурдагы башчысы Жахангир Хажиев алдамчылык жолу менен мамлекеттин мүлкүн өзүнө ыйгарып алды деген шек менен камакка алынды. Ал төрт айга темир тор артына киргизилгенин жергиликтүү булактар кабарлады.

Хажиев буга чейин насыяларга байланыштуу шылуундук боюнча бир канча жолу суракка чакырылган.

Азербайжанда соңку учурда ири насыяларды берүүдөгү мүчүлүштүктөрдөн улам бир катар банк кызматкерлери жана ишкерлер суракка алынууда. (SE)

XS
SM
MD
LG