Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Мамкаттоочулар Түштүк Кореянын тажрыйбасы менен таанышууда


Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын 11 өкүлү бүгүнтөн тарта Түштүк Кореяда иш сапарда болот. Аталган мекемеден кабарлашкандай, беш күн бою алар бул өлкөнүн мамлекеттик тейлөөнү электрондук жол менен жүргүзүү системасы менен таанышып, тажрыйба топтойт. Ошондой эле жаңы муундагы электрондук паспорт чыгаруу, аны калкты тейлөөдө пайдалануу, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жолдорун жана бул жааттагы мыйзамдык базаны изилдешет.

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы калкты жана кыймылсыз мүлктү каттоого алып, архивин чогултат. (RK)

XS
SM
MD
LG