Бишкекте акын Жолон Мамытовдун үч томдугу жарык көрдү. Ал акындын көзү барда чыккан китептеринин жылы, ирети менен хронологиялык тартипте түзүлдү. Бул тууралуу китептин түзүүчүлөрүнүн бири Гүлзар Абдимиталипова кабарлады.
Көзү тирүүсүндө акындын “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Буурул таңдын жомогу”, “Суунун өмүрү”, “Жарышкан суулар”, “Атка токум салгыла”, “Жүз жашка тол кылым” аттуу поэтикалык жыйнактары жарык көрүп, поэзия күйөрмандарынын алкоосуна татыган.
Абдимиталипованын айтымында, акыркы 25 жылда Мамытовдун ыр жыйнактары кайра басылып чыкпай, көзү өткөндөн кийин жарык көргөн “Башат жана мухит” аттуу жалгыз китеби күйөрмандар арасында таңсыкка айланган эле.
Томдуктардын бет ачары жана акындын 75 жылдык маарекеси 8-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.
Жолон Мамытов 1940-жылдын 1-апрелинде Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында жарык дүйнөгө келген. 1988-жылдын 7-мартында 48 жаш курагында Бишкек шаарында каза болгон. (ZA)