Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:09

Чүйдө "Чолпон" подстанциясы курулуп бүттү


Чүйдүн Ысык-Ата районунда күчү 35/10 кВ "Чолпон" жогорку чыңалуудагы подстанциясы курулуп бүттү. Бул тууралуу бүгүн "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты. Компаниянын маалымат катчысы Гуля Мураталиеванын айтымында, курулуш-монтаждоо иштери быйыл сентябрь айында башталган болчу:

- "Чолпон" көмөкчордонунун ишке кириши "Ивановка" көмөкчордонунан тарта 10 чакырымдык электр чубалгысынын кыскарышына алып келет. Чубалгыны ыкчам тейлөөгө, техникалык жоготуулардын кыскарышына шарт түзүлөт.

Курулуш иштерине "Түндүкэлектр" ишканасы жеке каражатынан 3 миллион сом сарптады.

Жакында эле тейлөөнү жеңилдетүү жана калкты электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу максатында Талас облусунда да ушул сыяктуу объект ишке берилген болчу.

"Түндүкэлектр" Чүй, Талас облустарын жана Бишкек шаарын тейлейт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG