Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

УКМК: Нарында активдүү "хизбутчу" кармалды


 "Хизб-ут Тахрир" уюмунун адабияттары
"Хизб-ут Тахрир" уюмунун адабияттары

Нарында "Хизб-ут Тахрир" уюмунун активдүү мүчөсү деген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Бакыт Жуматаев аттуу жаран мурда экстремисттик идеологияны жайылтканы үчүн 4 жылга кесилген.

2-декабрда ага карата кылмыш иш козголуп, өзү УКМКнын тергөө абагына камалды.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Жуматаев өз ишмердигин соттолгондон кийин да токтотпостон террордук топ мүчөлөрүнө жасалма жардыргычка керектүү нерселерди алып берүүгө көмөктөшкөн.​ Анын үйүн тинтүү учурунда тыюу салынган китептер жана башка материалдар табылган.

"Хизб-ут Тахрирге" Кыргызстанда диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG