Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Ысык-Көл: баптисттер менен жергиликтүү элдин ортосундагы чыр иликтенүүдө


Кадамжай районундагы протестанттардын сыйынуу үйү
Кадамжай районундагы протестанттардын сыйынуу үйү

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бактуу-Долоноту айылында баптисттердин унааларынын терезелеринин талкаланышы боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш козголду. Кылмыш иштин алкагында азырынча эч кимге айып тагыла элек. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалай Муралиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, окуя 30-ноябрда болгон жана христианчылыктын баптист диний агымындагы адамдардын үгүт жүргүзүшүнө каршы чыккан айрым жергиликтүү тургундар алардын беш унаасынын терезесин талкалап салган.

Кыргызстанда жер-жерлерде башка динге өткөндөрдү кодулаган жана жээриген көрүнүш бар. Буга чейин алардын үйүн бүлдүргөн, өлгөн адамдын сөөгүн коюуга каршы чыккан бир катар окуялар катталган болчу.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өтүп, Кыргызстанда расмий иш жүргүзүп жаткан 2330дай диний уюм бар. Буга коомдук уюмдар, бирикмелер, фонддор, окуу жайлар, мечиттер, медреселер, чиркөөлөр жана ибадатканалар кирет. Анын 1900дөйү ислам жаатындагы уюмдар жана мечиттер болсо, 370 уюм христиан динине таандык. Христиан дининдеги уюмдардын басымдуу бөлүгүн протестанттык багыттагы мекемелер түзөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG