Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:48

Санкт-Петербургда шырдак көргөзмөсү өттү


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Санкт-Петербургда Орус этнографиялык музейинде кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн эмгектери коюлган көргөзмө өткөрдү. Элчиликтен бүгүн кабарлашкандай, беш күн бою, 2-6-декабрда музейде колго жасалган шырдак, таар, куржун, туш кийиз, улуттук кийим-кече жана зер буюм-тайымдар көрсөтүлүп, каалоочуларга кийизден буюм жасоо боюнча мастер-класстар уюштурулду. Ошону менен катар Кыргызстандын туристтик потенциалын даңазалаган видео тасмалар көрсөтүлүп, музейге келгендерге Кыргызстан тууралуу маалымат берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG