Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Обама: "Ислам мамлекети" радикал тобу талкаланат


АКШ президенти Барак Обама 14 кишинин өмүрүн алып кеткен Калифорниядагы кол салуу “террордук чабуул” болгонун, аны ишке ашырган эки киши “радикалдашуунун караңгы жолуна” түшкөнүн айтты.

Ак үйдөн жасалган телекайрылууда Обама акыркы жылдарда терроризм коркунучу күчөп кеткенин белгилеп, “Ислам мамлекети” радикал тобу талкаланат деп билдирди. Дүйнө жүзүндөгү мусулман коомчулугуна кайрылган президент радикализмге, "Ислам мамлекетинин" идеологиясына азгырылбай, терроризмге каршы күрөшкө кошулууга үндөдү.

Обама Батыш менен Ислам ортосунда эч кандай жаңжалдын жоктугуна басым жасады. Сирия менен Иракта жихадчылардын буталарына абадан сокку уруп келаткан Батыштын стратегиясы туруктуу жеңишке алып келерине ишенерин айткан мамлекет башчы АКШ “жердеги чыгашалуу, узак мөөнөттүү согушка” тартылуудан оолак болушу керектигин эскертти.

XS
SM
MD
LG