Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясы – СОКАРдын расмий өкүлү Каспий деңизиндеги кырсык болгон платформада иштеген 29 киши табыла электигин билдирди. 4-декабрдын кечинде катуу шамалдан улам мунай бургулоочу комплексте өрт чыккан. Компаниянын башкы инженери Балдамирза Алирагимов бүгүн да өрт өчүрүүчүлөр “Гүнешли” кениндеги өрттү ооздуктоого аракеттенишүүдө деп билдирди.
5-декабрда Азербайжандын Мунайчылардын укуктарын коргоо комитетинин жетекчиси Мирвари Гахраманлы 32 жумушчу набыт кеткенин, 42си куткарылганын маалымдаган. СОКАР жекшембиде азырынча эки кишинин сөөгү табылганын, 33ү куткарылганын ырастады.
СОКАРдын вице-президенти Хошбахт Юсифзаде 6-декабрь күнкү Бакудагы пресс-конференцияда жарылуунун жагдайы туурасында мына буларга токтолду:
- Газды платформага жеткирген түтүктөрдүн бири катуу толкундун күчүн көтөрө албай жарылып кеткен. Ал жарылуунун мунай платформасына же болбосо бургулоочу жайга эч кандай байланышы жок. (KJ)