8-декабрда Нарын облусунун айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жок. Тоолуу автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,
Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8,
Баткенде түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9,
Нарында түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...+4,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -4...-9.
Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 7…9 градус болот.