Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Азербайжандын расмилери оккупацияланган деп эсептеген Тоолуу-Карабак менен чектешкен аймактагы атышуудан улам офицерлердин бири окко учканын билдиришүүдө. Азербайжандын коргоо министрлиги 7-декабрь күнү тараткан маалыматта эки тараптуу салгылашууда лейтенант Абдулла Маллаев оор жараат алып, кийин анын кесепетинен ооруканада жан бергени айтылган. Бирок коргоо министрлигинин маалыматында аталган ок атышуу качан болгону так көрсөтүлгөн эмес. Аталган министрликтин бул билдирүүсү Тоолуу-Карабактын жикчил жетекчилиги Азербайжандын диверсиялык-чалгын топтору бир жоокерди атып өлтүрүшкөнү туурасында маалымат тараткандан кийин жарыяланды. Эки тараптуу ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу кабыл алынганына карабастан соңку жылдары Тоолуу-Карабакта аскерий чатактар тез-тез кайталанууда.

1990-жылы Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Карабак чатагында эки тараптан болжол менен отуз миңге чукул адам каза болгон. (KJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG