Линктер

шейшемби, 24-январь, 2017 Бишкек убактысы 01:18

Гендер маселелери боюнча адис Таалайгүл Исакунова Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ага мандат берүү тууралуу чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

"Кыргызстан" партиясынын талапкерлер тизмесинде 24-орунду ээлеген Исакунова экс-депутат Канатбек Муратбековдун ордуна келди. Муратбеков 3-декабрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жетекчи болуп дайындалгандыктан мандатын өткөрүп берген болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG