Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Тажикстанда күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталды


Тажикстандын Мургаб району
Тажикстандын Мургаб району

Тажикстандын тоолуу аймактарында күчү 7,2 магнитудагы жер силкинүү болду. Дүйшөмбүнүн тургундары социалдык тармактарда узак убакытка созулган күчтүү жер титирөө сезилгенин кабарлашкан. Европа - жер ортолук деңизи боюнча сейсмологиялык борбордун маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:50дө болгон зилзаланын очогу Дүйшөмбү шаарынан 367 чакырым чыгышыраакта жайгашкан Мургаб районунун аймагында катталган.

Тажикстандын Мургаб районунда жашаган калктын көпчүлүгүн этникалык кыргыздар түзөт.

Очогу Мургабда болгон жер титирөө Кыргызстанда да сезилди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү Ош облусунун Дароот-Коргон, Бор-Дөбө, Эркеч-Там айылдарында 5 баллга, Ош шаарында 4, Бишкек жана Нарын шаарларында 3 баллга жетти.(KJ)

XS
SM
MD
LG