Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Кыргызстанда бүгүн экинчи жолу жер титиреди


Кыргызстанда бүгүн экинчи жолу жер титиреди. Саат 14:30да Нарындын Кара-Кече айылынан түндүк-батышты көздөй 13 чакырым аралыкта жайгашкан Кабак-Тоо аймагында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүү Кара-Кече, Миң-Куш айылдарында 5 балл, Арал, Көк-Ой, Чаекте 4, Кызарт, Таш-Дөбө, Казарманда 3,5 жана Кочкордо 3 балл болуп сезилди.

Ага чейин, саат 13:50дө да жер титиреген. Силкинүүнүн очогу коңшу Тажикстанда, Оштун Чоң-Алайынан 120 чакырым түштүк-чыгыш тарапта болуп, күчү 8 баллга жеткен. Жердин титиреши Кыргызстанда да сезилген. Дароот-Коргон, Бор-Дөбө, Эркеч-Там айылдарында 5 балл, Ошто 4, Бишкек жана Нарын шаарларында 3 баллга жеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов:

- Алдын ала маалыматка караганда, кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок. Биздин жер-жерлердеги адистерибиз жана жарандык коргонуу комиссиялары тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Ушуну менен өлкө аймагында соңку бир ай ичинде 7-жолу жер титирөө катталып жатат. 17-ноябрда Оштун Кара-Суу районуна караштуу Чайчы айылында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, 400дөй турак жай жабыркаган. Адам өмүрүнө зыян тийген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG