Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Орусия жасалма спутнигин жоготуп алды


5-декабрь күнү “Союз-2” деген аталыштагы ракетаны космоско алып учкан жасалма спутник Плесецк космодромунан абага көтөрүлгөн болчу.
5-декабрь күнү “Союз-2” деген аталыштагы ракетаны космоско алып учкан жасалма спутник Плесецк космодромунан абага көтөрүлгөн болчу.

Орусиянын расмий өкүлдөрү жакында иштелип чыккан аскерий спутник менен байланыш жоголгонун билдирүүдө. Аталган аскерий спутник космоско учурулгандан кийин ракетадан бөлүнбөй калган. Орусиянын аскер-аба күчтөрүнө шилтеме келтирген массалык маалымат каражаттары 7-декабрда аталган жасалма спутник жоголуп кеткенин жазып чыгышты. 5-декабрь күнү “Союз-2” деген аталыштагы ракетаны космоско алып учкан жасалма спутник Плесецк космодромунан абага көтөрүлгөн болчу. Жоголуп кеткен “Канопус-СТ” деген аталыштагы жасалма жандооч жарандык жана аскердик максатта колдонулуп келген. Баш-аягы он жылдык мөөнөттө иштелип чыккан бул спутник космостон океандардагы жана жердеги аба ырайынын системасын байкоого ылайыкташкан болчу. Анын дагы бир аскерий максаты - суу астында сүзүүчү кемелерди таап, алардын аракетине байкоо жүргүзүү болгон.

Космикалык байкоолорду жүргүзүү боюнча Пентагондун программалык тармагы жоголгон спутник 8-декабрда болжол менен Сибирдин үстүнө жерге түшүшү мүмкүн экенин билдирген. (KJ)

XS
SM
MD
LG