Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Ооганстанда жанкечтинин кол салуусунан 12 киши жарадар болду


Ооганстандын чыгышында бүгүн эртең менен жанкечти дүрмөттөлгөн машинасын жардырганда кеминде 12 киши, анын ичинде 6 полициячы жарадар болду. Нангархар провинциясынын губернаторунун маалымат катчысы жанкечти полициянын райондук бөлүмү жайгашкан комплекске кол салууну көздөгөнүн, бирок машина дарбазанын алдында жарылып кеткенин билдирди. Катуу жардыруудан сунилердин мечити, айланадагы он чакты дүкөндөр менен жер тамдар жана полиция имаратынын дубалдары кыйрап калды.

XS
SM
MD
LG