Баткен облусунун Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен Көк-Таш айылында эки өлкө жарандары ортосунда бүгүн жаңжал чыкты. Айыл тургундары “Азаттыкка” билдиргендей, тажик тараптан чогулуп келген кишилер Көк-Таштагы мектептин терезелерин сындырган. Ага жооп кылып кыргызстандыктар тажик айылындагы үйлөргө таш атышкан. Жаңжалдын чыгышына эмне себеп болгону азырынча анык эмес. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү берген маалыматка караганда, учурда эл тарап жатат.
Чек арадагы такталбаган жерлерден улам кыргыз-тажик чегинде тез-тез чыр-чатак катталат. (SE\JsA)