Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:12

Бишкекте майып балдарды колдогон акция болот


Бишкек шаарында бүгүн “Биз биргебиз” деген аталышта мектеп окуучуларынын ири акциясы өтөт. Аны Шаардык билим берүү башкармалыгы уюштурууда. Аталган мекемеден “Азаттыкка” билдиришкендей, өнөктүккө 600 окуучу катышат. Алардын эки жүзү майып балдар.

Акцияда адамдар ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнө карабай, баары билим алууга акылуу экени тууралуу чакырык жасалат. Өнөктүк өспүрүмдөрдүн “Сейтек” борборунда болот.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда мектеп курагындагы майып балдардын саны 26 600дөн көп. Алардын жети миңден ашууну гана билим алат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG