Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

АКШ Украинаны колдоо үчүн дагы 300 миллион доллар берет


АКШ вице-президенти Жо Байден жана Украина мамлекет башчысы Петро Порошенко
АКШ вице-президенти Жо Байден жана Украина мамлекет башчысы Петро Порошенко

АКШ коопсуздук чараларын күчөтүү максатында Украинага дагы 300 миллион доллар каражат берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү вице-президент Жо Байден Киевге келип, бийлик өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин берген маалымат жыйынында айтып, азыр бул маселенин үстүндө Конгресс иштеп жатканын белгиледи.

Жо Байден экономикалык жактан өнүгүү үчүн украин бийлигин реформаларды жүргүзүүнү тереңдетүүгө жана коррупция менен күрөштү күчөтүүгө чакырды. Ошол эле кезде ал 2014-жылы мартта Крым жарым аралынын Орусия тарабынан аннексияланышын АКШ эч качан тааныбай турганын бекемдеди.

Бул АКШнын вице-президентинин Киевге жасаган төртүнчү жолку иш сапары. (SE)

XS
SM
MD
LG