Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:21

Голландияда жоголгон баалуу сүрөттөр Украинадан табылды


Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөп турган аймактан 17-кылымда Голландияда тартылган баалуу сүрөттөр топтому табылды. Тарыхый чыгармалар он жыл мурун жоголгон болчу.

Нидерландынын Хоорн шаарындагы Вестфрис музейинен кабарлашкандай, Киевдеги элчиликке эки адам кайрылып, 24 полотнону кымбат баада Голландия өкмөтүнө сунуштаган. Алар чыгармаларды Украина чыгышындагы вилладан тапканын айтып, аны кайтарып берүү үчүн 5 миллион евро талап кылышкан. Бул каражат сүрөттөр жоголгон 2005-жылдагы баасынын тең жарымы экенин белгилешкен.

Ортомчу болгон эксперттер сүрөттөрдүн азыркы наркы 500 миң евродон жогору экенин белгилешүүдө. (ЫУ)

XS
SM
MD
LG