Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Тогуз айда Бишкекте балдарга карата жасалган 300дөй кылмыш катталды


Быйыл Бишкек шаарында 9 ай ичинде балдарга карата жасалган кылмыштардын саны 288 болду. Бул тууралуу бүгүн балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо уюмдарынын ассоциациясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, катталган кылмыштардын 73ү, башкача айтканда, 25% сексуалдык мүнөздө болгон.

Эртең, 9-декабрда Бишкекте укук коргоочулар, бийлик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан чоң жыйын өтөт. Анда балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу маселелери талкууланат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG