Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Кыргызстанда балдардын 40% кедейчиликте жашап жатат


Кыргызстанда балдардын 40% кедейчиликте жашап жатат. Бул тууралуу Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо уюмдарынын ассоциациясынан кабарлашты. Уюмдун маалыматына караганда, 600 миңдей бала оор жумушка тартылууда жана түрдүү майыптыгы бар балдардын саны 23 миңге жетет.

Эртең, 9-декабрда Бишкекте укук коргоочулар, бийлик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан чоң жыйын өтөт. Анда балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу маселелери талкууланат.

Долбоорду Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү каржылоодо. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG