Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

9-декабрдын аба ырайы


9-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0...5, күндүз 3...8, кечке жакын 0 градус,

Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,

Баткенде түнкүсүн -3...+2, күндүз 3...8,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 1...6,

Нарында түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -5...-10.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 6…8 градус болот, кечке жуук 0 градуска чейин төмөндөйт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG