Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

Орусиянын укук коргоо органдары Москванын чок ортосундагы автобус аялдамасындагы жарылуудан беш адам жабыркаганын билдирди. Бул жардыруу 7-декабрь күнү кечинде Москванын Покровка көчөсүндөгү кафе-барлар көп жайгашкан аймагында болду.

Орусиянын ички иштер органдары муну террордук чабуулга аракет катары карап, бул бейбашчылыктын себептери толук иликтене турганын жарыялады. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Андрей Галиакберов чакан жардыруучу зат өтүп бараткан автоунаадан же болбосо коңшулаш үйлөрдүн биринин терезесинен ыргытылышы мүмкүн экенин белгилеген.

Анын айтымында, айнектердин сыныгы тийип беш адам жарадар болгон. Буга чейин орусиялык маалымат агенттиктери жабырлануучулардын экөө аял киши экени жана алар ооруканага буттарынын жарааты менен түшкөнүн кабарлашкан. Ошол эле кезде үчүнчү бир жабырлануучу аял ооруканага жатуудан баш тартканы маалымдалган болчу.(KJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG