Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

MegaCom менен Кара-Кече кени аукционго келерки жылы коюлат


Келерки жылы MegaCom уюлдук компаниясы жана Кара-Кече көмүр кени аукционго коюлат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт жыйынында айтылды. Премьер-министр Темир Сариев бул эки ишканага 2016-жылы инвестор табуу керек экенин билдирди.

Кара-Кече кенин комплекстүү иштетүү планы Союз кезинен бери демилгеленип, бирок ишке ашпай келатат. Кыргыз өкмөтү 2020-жылга чейин ишке киргизүүнү мерчемдеп жаткан Кара-Кече жылуулук станциясынын курулушун бүткөрүү өлкөнү 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияда да камтылган.

Келерки жылда менчиктештирилип жаткан ишканалардын эң ириси - “Альфа-Телеком". Коомчулукта MegaCom деген менен таанымал байланыш компаниясынын таза кирешеси 2 млрд сом болуп жатканына карабай Экономика министрлиги анын банкротко баратканын билдирип келет. (MTo/RK)

XS
SM
MD
LG