Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

АКШ вице-президенти Байден украин парламентинде сүйлөдү


АКШ вице-президенти Жозеф Байден
АКШ вице-президенти Жозеф Байден

АКШнын вице-президенти Жозеф Байден Украина парламентинде “Орусия эгемендүү Украинанын аймагын оккупациялап" жатканын айтып, Крым жарым аралы эл аралык укукту бузуу менен аннексияланганын билдирди.

Байден парламентте 8-декабрь күнү сүйлөгөн сөзүндө “дүйнө Украинага жана анын Кремлдин кечирилгис агрессиясына каршы күрөшүп жатканына көз салып турганын” белгиледи.

Ал “АКШ эч качан Орусиянын Крымды аннексиялап алышын тааныбай” турганын кайталап, “украин элинин орус агрессиясына каршы күрөшүн” колдой турганын айтты. Жозеф Байден украин депутаттарына бирдиктүү мамлекетти жана демократияны куруу тарыхтын алдындагы милдет экенин белгиледи.(KJ)

XS
SM
MD
LG