Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Нарында БУУнун эсебинен окуучуларга ысык тамак бериле баштады


Мектеп окуучуларына тамак берүүнү жакшыртуу боюнча долбоордун алкагында Бириккен Улуттар Уюму Нарында балдар үчүн ысык тамак уюштурууда. Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде Нарын облусунун 42 мектебинин башталгыч класстарынын окуучуларына бир маал ысык тамак берилип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” долбоордун облустагы өкүлү Улан Райымкулов билдирди.

Анын айтымында акыркы эки жылдан бери ишке ашып жаткан бул долбоордун негизинде 14,5 млн сомго ашкана үчүн керектүү жабдыктар берилген.

Нарын облусунда 140 мектепте 56 миң окуучу билим алууда. Алардын 23 миңи башталгыч класста окуйт.

Кыргызстанда Бишкектен тышкары аймактарда башталгыч класста окугандарга бир маал чай жана нан берилет. Бишкекте тамак уюштурулат. Каржылоону мамлекет жүргүзөт. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG