Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:11

Кыргызстан “Коррупциянын чынжырын үз” аттуу эл аралык акцияга кошулууда. 9-декабрь – Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата бүгүн Бишкектеги эски аянтта улуттук “Ак терек, көк терек” оюнунун коштоосунда флеш-моб уюштурулат. Ага Жогорку Кеңештеги жаш депутаттар, студенттер катышат. Алар оюн аркылуу жемкорлукка каршы экендиктерин көрсөтүшөт. Депутаттар “Мен пара албайм жана пара бербейм!” деп расмий билдирүү жасашат.

Иш-чараны БУУнун өнүгүү программасынын колдоосунда өкмөттүк аппарат өткөрөт. Акцияга баргандарга “Коррупциянын чынжырын үз!” деген жазуусу бар төш белги берилет.

Өнөктүк Юридикалык академия менен Улуттук кардиология борборунда да уюштурулат.

Жемкорлукка каршы күрөш күчөтүлгөнү менен Кыргызстан эл аралык уюмдардын байкоосунда паракорлук күч алган өлкөлөрдүн тизмесинен түшпөй келет.

Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүн Кыргызстан 2005-жылдан бери белгилейт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG