Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Кандагардагы аба майданына талиптер кол салды


8-декабрда талиптер Ооганстандын Кандагар шаарындагы аба майданга кол салды. Куралчан үч киши аба майдандын жанындагы мектепке кирип алып, аэропорттун кызматкерлерине жана күч түзүмдөрүнө каршы ок чыгарганын жергиликтүү бийлик кабарлады. Курмандыктар жөнүндө азырынча эч кандай маалымат жок. Жоочуларга ооган коопсуздук күчтөрү жооп иретинде ок ачкан.

Талиптердин өкүлү Юсуф Ахмади бир нече шериктери аэропорттун аймагына кирип барып, андагы коопсуздук күчтөрү менен салгылашып жатканын билдирди.

Ооган бийлиги соңку мезгилде "Талибан" кыймылы жанданып, өкмөттүк күчтөр менен тирешүүсү күч алганын белгилеген болчу. Быйыл сентябрда талиптер өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз провинциясын басып алып, аймак бир жарым айдан кийин гана бошотулган. (SE)

XS
SM
MD
LG