Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

“Ислам мамлекети” тобуна кошулгандар эки эсе көбөйдү


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун желеги.
"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун желеги.

Эксперттердин ырасташынча, соңку бир жарым жылда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулган чет элдиктердин саны эки эсе көбөйдү. Нью-Йорктогу Soufan Group агенттигинин изилдөөсүнө караганда, алардын басымдуусу араб өлкөлөрүнүн жарандары. Андан сырткары, Батыш Европа, КМШ мамлекеттеринен кошулгандар да арбын.

Тизменин башында 6000ден ашуун сан менен тунистиктер турат. Экинчи орундагы Сауд Арабиясынан 2500 киши. Үчүнчү тепкичте Орусия. Бул мамлекеттен барган 2400дөн ашуун адамдын көбү Дагстан, Чеченстан сыяктуу республикалардын тургундары. Расмий билдирүүлөргө караганда Кыргызстандан барып жанкечтилер катарына кошулгандар саны 400 ашуун. Жоочулар арасындагы жалпы европалыктар беш миң чамалуу. (SE)

XS
SM
MD
LG