Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

"Азаттыктын" кабарчылары адам укугу боюнча эл аралык сыйлыкка татыды


"Азаттык" радиосунун кабарчылары Канымгүл Элкеева жана Кубанычбек Жолдошев Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өткөргөн адам укуктары жаатындагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн улуттук сынактын жеңүүчүсү аталышты.

Сынак өлкөнүн акыйкатчысы менен биргеликте адам укуктары менен эркиндиктерин сыйлоого жана сакталышына кѳмѳктѳшүү, бул багытта алдыңкы тажрыйбаны жалпыга жайылтуу максатында өткөрүлдү. Ага телерадиоберүүлөрдү жана гезит, интернет-басылмаларга макалаларды даярдаган журналисттер катышты.

Жеңүүчүлөрдүн урматына 12-декабрда Бишкекте салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, мыктыларга акчалай сыйлыктар тапшырылат.

"Азаттыктын" жалпы жамааты эмгеги жогору бааланган кесиптештерин куттуктайт жана мындан аркы чыгармачыл ийгиликтерди каалайт. (RK)

XS
SM
MD
LG