Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

"Азаттыктын" кабарчысына Жолон Мамытов сыйлыгы тапшырылды


Бишкекте акын Жолон Мамытовдун 75 жылдык мааракесине жана акындын жакында жарык көргөн үч томдугунун бет ачарына карата “Отту сүйөм” аттуу адабий-музыкалуу кече өттү. Салтанатта акындарга Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлык тапшырылды. Бул жолу аталган сыйлыкка акындар Фатима Абдалова, Өмүрбек Тиллебаев жана "Азаттыктын" кабарчысы Зайырбек Ажыматов татыктуу болду.

Жолон Мамытов атындагы коомдук фонд негиздеген сыйлыкты маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов тапшырды.

Лауреаттар Жолон Мамытов атындагы төш белги, статуэтка, диплом жана 50 миң сомго ээ болду.

Бул сыйлык алгач Ош облустук администрациясынын адабий сыйлыгы катары негизделип, 2000-жылы республикалыкка айланган.

Алгачкы лауреаттары Абдрашит Урбаев, Зинакан Пасаңова, Кожогелди Култегин, Нурлан Калыбеков жана башка акындар болгон. (ZA)

XS
SM
MD
LG