Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Атамбаев: Коррупцияга каршы күрөштүн башатында гана турабыз


Кыргызстан жемкорлукка каршы күрөштүн башатында гана турат. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүнө карата элге жолдогон кайрылуусунда айтты.

Президент өлкө коррупцияны кабылдоо боюнча эл аралык индекстеги өзүнүн позициясын ишенимдүү түрдө жакшыртып жатканын жана жарандар “кол тийгис” чиновниктер жок экенине, мындан ары да ээлеген кызматына, коом алдында мурда сиңирген эмгегине карабастан андайлар болбой турганына улам барган сайын көбүрөөк ынана баштаганын баса белгиледи.

Transparency International уюмунун көз каранды эмес изилдөөсүнө караганда, былтыр Кыргызстан жемкорлукка каршы күрөш боюнча көрсөткүчтөрүн 3 баллга жакшыртып, 175 өлкөнүн арасынан 136-орунду ээлеген. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG