Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Реанимацияга түшкөн балдардын 30-40% чарчап калууда


Кыргызстанда оорукананын реанимация бөлүмүнө түшкөн балдардын 30-40% чарчап калууда. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Мунун себебин мекеме жакшы даярдыктагы адистердин жетишсиздиги, реанимация бөлүмдөрүнүн техникасынын эскилиги, балдарга интенсивдүү жардам көрсөтүүнүн сапаты боюнча стандарттардын жоктугу жана доктурлардын оорулуу баланын абалына туура баа бере албай калып жатышы менен байланыштырууда.

Бүгүн Бишкекте ЮНИСЕФ уюмунун жардамы менен балдар реаниматологдору үчүн атайын окутуу өтүп жатат. Республиканын бардык аймактарынан ага 30га жакын доктур катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG