Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

Сириялык көтөрүлүшчүлөр Хомc шаарын таштап кетти


Сириялык көтөрүлүшчүлөр колунда акыркылардан болуп кармап турган Хомс шаарынан өкмөттүк күчтөр менен ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген макулдашууга ылайык чыгып кетишүүдө. Британияда жайгашкан Сириялык адам укугуна байкоо жүргүзүү борбору кабарлагандай, шаршемби күнү эртең менен Ваер районунан алгачкы көтөрүлүшчүлөр тобу автобус менен чыгып кетти. Бир күн аралыгында 750 адам шаардан чыгарылып кетери күтүлүүдө. Хомстун Ваер району көтөрүлүшчүлөр толук көзөмөлдөгөн шаардын бирден-бир бөлүгү болчу. Быйыл декабрь айынын башында Сирия бийлиги Хомстагы көтөрүлүшчүлөр менен жарашуу келишимине жетишкен. Ага ылайык көтөрүлүшчүлөр эки айдын ичинде буга чейин ээлеген турумдарын таштап кетүүгө тийиш. Бул деген сөз буга чейин “революциянын борбору” аталган Хомс шаары толугу менен өкмөттүк күчтөрдүн карамагына өтөт дегенди түшүндүрөт. Бул шаардан чыгарылган көтөрүлүшчүлөр ыңкылапчыл күчтөрдүн карамагында турган Идлиб провинциясына жеткирилет. Сириянын армиясы Орусия абадан сокку ура баштаган учурда Хомско түндүктөн чабуул коюп баштаган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG