Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Кыргыз-орус фондунда иштегендерге кол тийбестик макамын берүү сунушталууда


Жогорку Кеңеш бүгүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду боюнча мыйзам долбоорун талкуулап, добуш берүүгө жөнөттү. Анын максаты - фонддун ишмердүүлүгүнө жагымдуу шарт түзүп берүү. Тагыраак айтканда, каржы министри Адылбек Касымалиевдин билдиргенине караганда, мыйзамда фонддун кызматкерлерине макам ыйгарып, кол тийбестик укугун жана артыкчылыктарды берүү жагы каралып жатат. Алар ошондой эле салыктардан жаны бажы төлөмдөрүнөн бошотулмакчы.

Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулган алгачкы жылдары колдоо көрсөтүү максатында Орусия 1,5 миллиард доллар берүүнү убада кылган. Бул үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлгөн.

Азыркы учурда каражаттын 300 млн доллары келип түштү. Ал “Айыл Банк” жана “РСК Банк” аркылуу өлкөнүн өнөр жайын көтөрүү багытында 12% үстөгү менен жеӊилдетилген насыя катары берилип жатат.

ЕАЭБге буга чейин Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө болчу. Быйыл жайында ага Кыргызстан кошулду. (RK)

XS
SM
MD
LG