Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Азербайжандык укук коргоочу Лейла Юнус абактан бошотулду


9-декабрь күнү Бакуда азери укук коргоочусу Лейла Юнус саламаттыгына байланыштуу абактан мөөнөтүнөн мурун бошотулду. Буга чейин анын адвокаты укук коргоочунун ден-соолугу оор экенин айтып, аны эркиндикке чыгаруу үчүн сотко өтүнүч келтирген эле.

Укук коргоочу Лейла Юнус жана анын күйөөсү Ариф Юнус былтыр жайында салык төлөөдөн качкан жана алдамчылык кылган деген айып менен камакка алынган. Лейла Юнус сегиз жарым жылга, күйөөсү Ариф Юнус жети жылга эркинен ажыратылган болчу.

Лейла Юнус күйөөсү менен бирге Бакудагы тынчтык жана демократия институтунда иштеген. Анын күйөөсү саламаттыгына байланыштуу деген негизде быйыл ноябрда абактан чыгарылган. Жубайларга мамлекетке чыккынчылык деген берене менен коюлган айыптоо өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Учурда ал экөөнүн тең укуктук абалы өзгөрүүсүз бойдон турат.

XS
SM
MD
LG