Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

Текебаев: акыйкатчыны шайлоо эки тур менен өтөт


Жогорку Кеңештин депутаттары акыйкатчыны шайлоону эки тур менен өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. Ал мындай оюн биринчи турда объективдүүлүк болбошу мүмкүн деген божомолу менен негиздеди:

- Биринчи турда фракциялар өздөрү сунуштаган талапкерге тартышы ыктымал. Экинчи турга өткөндөрдү шайлоодо калыстык болот деп ишенем, - дейт Текебаев.

Акыйкатчынын ордуна сегиз адам ат салышууда.

Талапкерлердин арасынан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду, Гүлгакы Мамасалиеваны жана Бакыт Рысбековду “Ата Мекен” фракциясы сунуштаган. КСДП азыркы омбудсмендин милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиеваны, “Республика-Ата-Журт” Атыр Абдырахматованы, “Кыргызстан” фракциясы Канатбек Тургунбековду, “Бир Бол” Нурланбек Жээналиевди, “Өнүгүү-Прогресс” Мурат Жетимишбаевдин талапкерлигин көрсөтүшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG