Линктер

бейшемби, 19-январь, 2017 Бишкек убактысы 06:55

Орусиялык “Ведомости” гезити билдирүү каттарды алмашуу системасына көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзам долбоору даярдалганын жазып чыкты. Документтин авторлору тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизип, текст жана мультимедиа маалыматтар менен алектенген түйүндөрдүн ишин чектөөнү сунуштоодо. Эгер мессенжер мыйзам бузган болсо оператор эскертүү берип, ал аткарылмайынча ишин токтотууну талап кылат.

Долбоордо мессенжер колдонуучуларды идентификациялоо милдети да камтылган. Билдирүүлөр менен алмашуу системасы Орусиядагы операторлордун ишмердүүлүгүндө басымдуу үлүшкө ээлик кылат. Сервистерди иштеп чыккандар чет мамлекетте экендигине байланыштуу аларды тескөө оор болуп жаткандыктан, аткаминерлер тыюу салуунун жогоркудай ыкмасын иштеп чыгышканын билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG